super.kg logo

Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчилигине Андрей Бельянинов дайындалды

 

Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчилигине Андрей Бельянинов дайындалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон. Андрей Бельянинов буга чейин Федералдык бажы кызматын жетектеп келген. Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын жетекчилик кызматын буга чейин Дмитрий Панкин ээлеп турган.

Евразиялык банктын туруктуу капиталы 7 миллиард долларды түзөт. Түзүмдүн негиздөөчүлөрү Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз мамлекети жана Тажикстан өлкөлөрү.

Насыя уюмунун негизги максаты болуп өлкөлөрдүн ортосундагы базар-экономикалык карым-катнашты өнүктүрүү жана алардын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга, карганын козун чокубайт дегени. Чын экен да! Бул Оруссиянын бажы кызматын башкарып. Кызматтык кылмыш иштери ачылып. Уйундогу акча ,алтындарын корсоткон эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: