super.kg logo

Маданият министрлиги: "Тарых музейинде 503 баалуу экспонаттар жоголгон. Анын ичинде алтын зер буюмдары да бар"

 

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Тарых музейинде жана мамлекеттик мемориалдык музей үйүндө жоголгон баалуу экспонаттар жөнүндө сөз болду. Анда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статc-катчысы Бактыбек Секимов Тарых музейинде жоголгон тарыхый баалуу экспонаттардын саны 500дөн ашуун экенин айтты.

"Бул Тарых музейинде жоголгон 503 экспонат тууралуу маалымат 2012-жылы инвентаризация учурунда белгилүү болгон. Бул боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага берилип, кийин шаардык прокуратурага өткөрүлгөн. Ал жерден Бишкек ШИИББине маалыматтар өтүп, иш козголгон. Анын ичинде 1970-2000-жылдарга чейин жоголгондору бар. Алардын арасында 358 археологиялык предметтер, 2 медаль, 2 төш белги бар. Бул боюнча Маданият маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылы маселени карап чыгып тийиштүү адамдардын баарын кызматтан бошоткон. Эң баалуу буюмдар таза алтындан турган ордендер болгон", - деди Секимов.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов экспонттардын арасында 300 граммга жакын таза алтын болгонун айтып, бул боюнча козголгон иштен ушул күнгө чейин жыйынтык чыга электигин белгиледи. Фракция жыйынында Тарых музейинде 503 баалуу экспонат, ал эми мамлекеттик мемориалдык музей үйүндө 104 экспонат жоголгону айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.12.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу ((( бутту жоголду...
01.12.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоголду эмес-уурдалды...
01.12.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай акыбалга жетип калыпбызда, ото уят.
01.12.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3-4 экспонат жоголсода мейли эле, 503 шт экспонат деген бутундой Кыргыз баалуулуктары маданият тарыхыбызда, ушунча жок болуп атса бул бизнес болуп кетиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: