super.kg logo

Башкы прокуратура: "Тарых музейинде жоголгон экспонаттар боюнча үч кылмыш иши козголуп, токтоп турат. Конкреттүү эч нерсе табыла элек"

 

"Тарых музейинде жоголгон баалуу тарыхый экспонаттар боюнча үч кылмыш иши козголуп, токтоп турат", - деди Башкы прокуратуранын тергөө иштери боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мухамед Карашев.

"Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштери Тарых музейи жана мемориалдык "Фрунзе" музейинде жоголгон экспонаттар боюнча козголгон. 2017-жылдын 18-майында Эсептөө палатасынын берген маалыматтары боюнча Каржы полициясы да иш козгогон. Бул бардык экспонаттар боюнча Эсептөө палатасынын бүтүмүнө ылайык козголду. Тергөө иштери жүргөн, бирок азыр иштер токтоп турат. Учурда кайра териштирип чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Конкреттүү эч нерсе табыла элек", - деди Карашев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинде жана мамлекеттик мемориалдык музей үйүндө жоголгон баалуу тарыхый экспонаттар боюнча маселени карады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.12.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкы прокуратурада 99% паракорлор отурат. Уже куноолуулордун акчасын алып, "синирип" коюп, эми далил жок деп отурасынар да, жанынарды жеп...

Жоголгон экспонаттарды мындан 40-50 жыл илгери жоголдуга чыгарып.... Озу ошол музей жетекчилери, кызматкерлери менен кошо силерди да камаш керек, прокурорлорду, кылмышты жашырганынар учун, соучастник болуп, прокурор боло туруп........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: