super.kg logo

Канат Исаевдин иши каралып жаткан отурумда айыпталуучулардын бири моралдык жактан даяр эмес экенин айтып, сурак берүүнү башка күнгө жылдырууну өтүндү

 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө Исаев менен кошо айыпталып жаткан Каныбек Аблабеков жана Алмаз Сейталиев суракка алынды.

Ошондой эле отурумда айыпталуучулардын дагы бирөөсү Любовь Чудинова сурак берүүгө моралдык жактан даяр эместигин айтып, башка күнү сурак берүүнү өтүндү. Жактоочусу: "Чудинованын даяр болбой калганына мен күнөөлүүмүн. Анткени отурумду башка күнгө жылдыруу тууралуу соттон өтүнүч кыларымды айткам", - деп билдирди. Ага чейин Чудинованын жактоочусу түшкө чейин башка жумуштары бар экенин айтып отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнүп, бирок сот канааттандырган эмес болчу.

Аягында сот Чудинованын өтүнүчүн канааттандырып, башка күнү суралсын деген чечим кабыл алды.

Кийин түшкү тыныгуу убактысы болуп калгандыгына байланыштуу сот отурумду токтотуп, 4-декабрда улантуу чечимин чыгарды.

Айта кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан соң, Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда ишти кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.12.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нечего себе даяр эмес.Даярданып кылмышты кылсан жооп берерде даяр эмессинби.колун менен кылганды мойну менен тартуу керек.
01.12.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amirrus,кормокпуз сен ошол жерде болгонунда.Азыр баары куноолуу а бирок кимиси бийлике каршы чыкса ошонусу гана иши чукуланып соттолуп жатышат.Бийликтин подхалиндери калып кетип жатат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: