Бишкекте үйлөрдүн биринин алдына арстандын баласын таштап кетишти (фото)





Бишкекте мыйзамсыз жол менен кармалып келиши мүмкүн делген дагы бир арстандын баласы табылды. Аны 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 12 чамаларында белгисиз жарандар Бишкектеги "Бугу-Эне" коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитованын үйүнүн алдына таштап кетишкен.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, болжолдуу түрдө 4 жарым айлык арстандын баласынын абалы текшерилип, жакшы шартта багылганы жана эч кандай оорусу жок экендиги аныкталды.
"Ага Актилек деген ат берилип "Бугу-Эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Учурда Ысык-Көл облусундагы кароосуз калган жапайы жаныбарларды жана канаттууларды кармаган зоопаркка жиберүү иштери жүрүүдө", - деди инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева.
Октябрь айынын соңунда да Бишкекте белгисиз бирөөлөр көчөдө ээрчитип жүрүшкөн арстандын баласы табылып, ага Акжолтой деген ат берилип Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилген.


Сени да уйго камап, 3 маал тамагынды берип, уйдон чыгарбай 20-30 жыл багалычы, 3 айга жетпей тополон салып баштаарсын......