super.kg logo

"Элдик кабардын" ноябрь айындагы жеңүүчүсү: "Өспүрүм бала азыр деле ошол жука кийими менен кайыр сурап жүрөт"

 

Тилекке каршы, укугу тебеленип, зордук-зомбулукка кабылып, кароосуз калып же жаштайынан турмуштун оор сыноолоруна туш болгон балдар аз эмес. Балдар - коомдун аярлуу катмары. Аларга кам көрүү улуулардын, мамлекеттин түздөн-түз милдети.

Бул сүрөт бир эле ушул өспүрүмдүн эмес, турмуштагы оор кырдаалга туш болгон жалпы балдардын абалын чагылдыргандай. Сүрөттү 13-ноябрь күнү SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман жөнөткөн. Анда ал: "Ош шаарындагы кафелердин биринин алдында 7-8 жаштагы өспүрүм бала түн ичинде саат 23:00дөр чамасында кайыр сурап отурат, ал жука кийимчен", - деп жазган. Кабар жарыялангандан кийин дароо окурмандардын талкуусун жараткан. Анда көпчүлүгү баланы аяп, ата-энесинин ким экендигине кызыгышкан.

Кийинчерээк SUPER.KG порталы бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышып, түнкүсүн кайыр сурап отурган бала тууралуу маалымат алды. ШИИБдин билдирүүсүнө ылайык, ал лөлү тектүү үй-бүлөдөн жана лөлү тектүүлөр кайыр суроону кесип катары кабыл алып калышкан. Ошондой эле Ош шаарынын өзүндө эле мындай кайыр сураган балдар жүздөн ашык экендигин, бирок алардын документтери жок болгондугуна байланыштуу бул баланын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбогондугун кошумчалаган.

Бардык адамдарды балдарды коргоого чакырган кабардын автору "Элдик кабардын" ноябрь айындагы жеңүүчү деп табылды.

- Саламатсызбы? Сиз "Элдик кабардын" жеңүүчүсү деп табылдыңыз!

- Рахмат.

- Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз...

Менин аты-жөнүм - Максат Бегматаев, Ош шаарында жашап, иштейм. 25 жаштамын. SUPER.KG порталынын туруктуу окурманымын.

- Кабарды бизге кандай максат менен жөнөттүңүз эле?

- Ош шаарында кайыр сураган өспүрүмдөр абдан көп, аларды көргөн сайын зээним кейийт. Көпчүлүгү лөлү тектүү үй-бүлөлөрдүн балдары, бирок мен башка улут экен деп балдарды бөлгүм келбейт. Менин алардын ата-энелерине ачуум келет. Аталары балдарды баккысы келбесе, аялдары удаа-удаа эмнеге төрөйт? Балдарды ушинтип кордоо үчүнбү? Ошол күнү да кафеден чыгып келе жатып бул өспүрүмдү көрүп калдым, аны ошондой жука кийим менен ага чейин эле шаардын ар кайсы жеринен көрүп калчумун. Бир жолу сүйлөсөм башка тилде жооп берген, ошондуктан ал түнү да кепке тарткан жокмун. Бирок "Элдик кабарга" жөнөтүп аз да болсо коомчулуктун көңүлүн кыйналган балдарга бурдурууну көздөдүм.

- Рахмат. Сиз ал баланы андан кийин да көрүп калдыңызбы?

- Ооба, көрүп эле жүрөм, дагы деле ошол жука кийими менен жүрөт. Эгер ШИИБ таба албай жатса, мен жардам берем.

- Сиз жөнөткөн кабар коомдун талкуусун жаратат деп күттүңүз беле?

- Чынында бул тууралуу ойлонгон жокмун, бирок окурмандардын кайдыгер карабагандыгына сүйүндүм. Анткени балдарды баарыбыз коргошубуз керек. Мен ал кезде балага бир жолку жардам беришим мүмкүн эле же үйүнө жеткирип коймокмун, эгер анын үйү бар болсо. Бирок ал менен анын жашоосун өзгөртө алмак эмесмин. Эгер балдардын мындай абалына көз жумсак, аларды уурдап, өлтүрүп, зордуктап кетүү ыктымалдыгына да көз жумган болобуз.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, февраль - Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман (Өзгөн шаары);
2017-жыл, март - Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман (Өзгөн району);
2017-жыл, апрель - Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, май - Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурман (Ош шаары);
2017-жыл, июнь - Ананьеводогу жарылуу тууралуу видео жөнөткөн окурман (Ысык-Көл облусу);
2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон.
2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(9)
01.12.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Смартфон умут эттин да туурабы,а так чыындап боорун ооруса тамак алып берип же бир сыйра кийим берип коймоксун.Неси болсо да куттуктайбыз.,эми.
01.12.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Alibay,адам озу кандай болсо озгону да ошондой
Ойлойт
01.12.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ичин куйуп жатат сенин
01.12.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыркы замандын жардамы Эл корсун Эл билсин
01.12.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
досум молодец телефонун кут болсун бирок ошол телефонунду сатып жарым акчасына ошол баланы кийинтип койсон жакшы болот эле жаман корбо бул менин сунушум милиция социалдык кызмат ага баары бир жардам бербейт
05.12.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qwert123, лолулор атайын жупуну кийинип чыгышат да, антпесе акча эч ким бербей коет. лолу махаллага баргандар айтышат го байлары укмуш бай болот деп.
01.12.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тобо кылдым ичинерди кен кылгылачы супер колдонуучулар!
02.12.2017. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын!
03.12.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын. Кимдин оюна келиптир ушинтип кароосуз балдарга конул бурдуруу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: