super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: "Тарых музейиндеги баалуу экспонаттардын уурдалышы мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирүүчү маселе"

 

"Тарых музейиндеги баалуу экспонаттардын уурдалышы мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирүүчү маселе", - деди Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 1-декабрдагы фракция жыйынында.

Анда депутат Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылып: "Башкы прокуратура, силердин Жогорку Кеңешке бере турган отчётуңардан бул иштин жыйынтыгын да күтөбүз. УКМКга, ИИМге силер тийиштүү тапшырмаларды берип, бул иштин бетин ачкыла. Бул деген кылымдап топтолгон баалуу буюмдардын тонолгондугу. Эрмитажда бир картина жоголгондо кандай болду эле, Францияда кичинекей бир барак жоголгондо кандай чуу болду эле? Бул деген мамлекеттин кадыр-баркына шек келтире турган, абдан жүрөктү оорута турган маселе. Мумияны да көмүп салдыңар. Эми музейди аты үчүн эле кармап турасыңар. Бул жай эч жерде жок уникалдуу баалуу буюмдары менен музей да. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз. Бул иштин бети ачылбаса, генералдардын басып жүргөнү уят!" - деди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинде жоголгон баалуу экспонаттар боюнча маселени карады. Анда Башкы прокуратура Тарых музейинде жоголгон экспонаттар боюнча үч кылмыш иши козголуп, токтоп турганын айткан. Буга конкреттүү эч нерсе табылбай жатканы себеп экенин билдирген. Ал эми Маданият министрлигинин өкүлү Тарых музейинде 503 баалуу экспонаттар жоголгонун, анын арасында алтын зер буюмдар да бар экенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.12.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озуно сак бол кошунанды ууру тутпа болбогулачы
01.12.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мумияга келсек эн туура чечим болгон комуп койгону
01.12.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоголбош учун ар аптанын аягында инвентарь кылып козомолдоп туруш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: