super.kg logo
  Саясат  

Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы, фракциялардын лидерлери менен жолукту

 

Бүгүн, 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, фракция лидерлери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мыйзамдарды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсү тууралуу талкууланды.

Мамлекет башчы 1-декабрдан тарта Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирип баштаганын эскертти. “Бул Жогорку Кеңеш же өкмөт күчтөндү дегенди түшүндүрбөйт. Учурда үч бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак орнотулду. Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө бардык шарттар түзүлдү”, - деди президент.

Мамлекет башчы эскерткендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек. Ал Кыргыз мамлекетинин экономикасынын өнүгүшү үчүн жол картасы менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Президент фракция лидерлерин жол картасын иштеп чыгууда талкууга активдүү катышууга чакырды.

Жээнбеков: Алмазбек Шаршенович президент болуп турганда саясий атаандаштык түзүп бере алды. Эми биз биргеликте экономикадагы атаандаштыкты түзүүгө күч жумшашыбыз керек. Биздин бардык бийлик бутактары биргеликте иштей турган көптөгөн иштерибиз бар. Мен ар бириңер менен күнүгө жолугуп, сунушуңарды укканга даярмын”, - деди мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: