Жалал-Абадда митингчилер менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүздү
Жалал-Абаддан аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдиргендей, бүгүн, 3-июнда митингчилер менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүдө обладминистрациянын имаратын бошотуу, митингчилерден 4 өкүл дайындап Бишкекке жиберүү чечими кабыл алынды. Митингчилердин 4 өкүлү Бишкекке келип президент жана башка жогорку бийлик бутагынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Ички иштер министри Курсан Асановго шаардагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

