Жогорку Кеңеш 6-декабрда биринчи вице-премьер кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин карайт
Жогорку Кеңеш 6-декабрда биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин карайт. Бул маселе парламенттин жыйынынын күн тартибине коюлду.
Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги менен депутаттарды премьер-министр Сапар Исаков тааныштырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Шадиевге вице-премьер-министрлик кызматы сунушталганы боюнча өзү SUPER.KG`ге билдирген. Ал кызматка барууга макул болгонун жана бул маселе 1-декабрдан тартып Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин карала турганын айткан.
Учурда "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

