super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Жети-Өгүздө Каракол шаарынын тургуну баңгизаты менен кармалды

 
Ысык-Көл облусунун Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Жети-Өгүз ИИБинин кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн бир нече жолу колго түшкөн жаран кармалды. Бул туурасындагы маалыматты Ысык-Көл облусунун ИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында 18-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Каракол шаарынын тургунун, Кылмыш кодексинин баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана жүгүртүү беренеси боюнча мурда соттолгон 64 жаштагы Г.Я. аттуу жаранды кармашкан. Текшерүү учурунда кармалган жарандан 4 килограмм 150 грамм марихуана табылган. Баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: