ИИМ: "Чүйдө милиция кызматкери өзүн-өзү атып алды"
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда милиция кызматкери кызмат учурунда өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-декабрда болжол менен кечки саат 7 чамасында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасында күзөттө турган 26 жаштагы кенже сержант Эрлан Солпуевдин жансыз денеси табылган.
"Ал өзүнө таандык куралдан чыккан октон каза болгон. Алдын ала божомол боюнча ал өзүн-өзү атып салган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бул окуя боюнча ИИМ тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, каза болгон милиция кызматкеринин жетекчилигинин ишине да баа берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Жакшылап даярдыктан откон кызматкерлерди алыш керек жумушка. Ким канча коп сом берсе ошону жумушка алат биздин чондор.
Байкуш жанына не куч Келди,жапжаш бойдон кете бериптир?!
Озун-озу атып алдыбы же озуно тиешелуу оружие менен бироо атып койдубу?,-ишениш ото кыйын ...