super.kg logo

Таласта 7 жана 9 жашар кыздарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды, кыздардын бири ооруканада каза болгон

 
Шектүү
Жол кырсыгы болгон жер

Таласта 7 жана 9 жашар кыздарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы Талас шаарында 1-декабрда саат 17:00дөр чамасында болгон.

"Ауди үлгүсүндөгү унаа дүкөндөн чыгып үйлөрүнө бара жаткан 2 окуучу кызды жолдун жээгинен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Эки кыз тең ооруканага жеткирилип, 9 жашар кыз алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон.

Милиция тарабынан айдоочуну издөө иштери жүргүзүлүп, 2-декабрда окуучу кыздарды сүзүүгө шектелип, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, унаасы айып аянтчасына коюлганын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
03.12.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Камагыла кобуроок жылга озуно келсин,сузуп туруп,кансырап жаткан жаш балдарга жардам бериштин ордуна качып кеткен кандай экенин корсун!
03.12.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жол жээгинде кетип бараткан экен байкуш кыздар. Берен деген дукондун жанында болду бул окуя жакындале
03.12.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Таласта гаишниктер аман эле болушсун. Акча чогулткандан башка пайдасы жок. Бир да корбойсун эреже бузган жоо адам болобу,ацдоочу болобу бир мындай токтотуп ,айып салып иш жургузгондорун. Только эле акча жыйнамака трассага эле турушуп алыщат
03.12.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай конулу чыдап качып кетишет бул жашоодо кармалбаса кудайдын алдына барганда кантип жооп берет
03.12.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кырсык каш кабактын ортосунда
Ар озуно сак болсун
03.12.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шок болуп калганда качтыда жаш экен чонураак болгондо акыл эси токтоп жардам бермек беле аман калмак беле деген ой
03.12.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табалабагыла. Машина баарыбызда бар. Кырсык каш кабактын ортосунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: