Көчөдө жатканда атасы белине тепкен наристе ооруканага жаткырылган жок



Бишкекте көчөдө жатып, тура албай жаткан кезинде атасы белине тепкен наристе ооруканага жаткырылган эмес, ал үйүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, атасынан тепки жеген бала эки жарым жашта.
"Наристе азыр апасы менен үйүндө, учурда абалы жакшы эле. Балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Атасы тепкенде жаракат алганбы, алган эмеспи, бул окуяга чейин да ага кол көтөрүүлөр болгонбу экспертизанын жыйынтыгы менен билинет. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө", - дейт ШИИББдин маалымат кызматы.
Айта кетсек, кечээ, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганын, ага карата кылмыш иши козголгону тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен.
Эркек киши кичинекей баланы тээп жатат



Менин жүрөгүмда зырк эте түштү.
Өз баласын өзүнүн канынан жаралган баласын ушинткен туурабы эми.
Ал жан-жаныбар болсо экен эми анчейин эмес, бул адам баласына ушунчалык тепкилеп кол көтөрсө апээй)
Мейли эми калганы Жаратканым чечээр!
А бул жерде бул зөөкүр ата, баласы камкорго муктаж экенине карабай, күч менен тээп жатпайбы. Ал бала эмнени билет, али кичинекей эч нерсени айырмалай элек убагы экен.
Тиги зөөкүр ата болмуш, баласын ошончо кордойт, апасына күн көрсөтпөйтго,((((