Тюмендеги жол кырсыгынан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык
30-ноябрда Орусиянын Тюмень облусунда Бишкек-Тюмень багыты боюнча каттаган автобус Ишим-Курган унаа жолунун 4-чакырымында фура менен кагышып оодарылып кеткен. Натыйжада автобуста бараткан 30 адамдын ичинен 12 адам жаракат алып, алар №4-облустук ооруканага жеткирилишкен. Дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин 11 адам үйүнө жиберилип, бир Кыргыз жараны оорукананын операция бөлүмүнө жаткырылган. Учурда анын абалы канааттандырарлык экенин аймактык оорукананын өкүлдөрү орусиялык ЖМКларга кабарлашкан.
Орусиянын жол кырсыгы боюнча мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. Маалым болгондой, жол кырсыгы болгон учурда туман түшүп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.