super.kg logo

Мамлекеттик чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын саны азайды"

 

Азыркы учурда Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 50гө жакын оор жүк ташуучу унаалар турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Анын айтымында, калган чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында тыгындар жок. "Башка чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында оор жүк ташуучу унаалар эркин өтүп жатышат. 3-декабрдан тарта чек аралар кадимки тартипте иштеп баштады", - деди Абдыкариева.

Эске салсак, 2-декабрда Кыргыз-Казак чек арасы боюнча жол картасына кол коюлган. Жол картасы боюнча келишимге вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон. 30-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы кырдаал тууралуу талкуулашкан.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте туруп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.12.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллахка шугур эми жабылбасын
04.12.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сооронбай Жээнбековко шүгүр
04.12.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайга шугур, Жээнбековго рахмат!
04.12.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах Таалага чексиз шугурлор болсун!
Сооронбай Акеге Аллах Таалам куч кубат берсин!
Кыргыз элиме , жериме тынчтык, аманчылык, биримдик, береке берсин Аллах Таалам!!!
toktor89 түзөттү 2017-12-04 11:18:22
04.12.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул деген шайлоонун алдынан атайын жасалган иш. Сооронбай акебизди элге жакшы корсотуш учун мурунтан суйлошуп баарын план боюнча кылышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: