Бүгүн Индонезияда Кыргыз футболчулары Бруней курамасы менен кез келет

Бүгүн, 4-декабрда Индонезияда өтүп жаткан "Tsunami Cup-2017" футболдук мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы экинчи беттешин өткөрөт. Анда Кыргыз футболчулары Бруней курама командасы менен туш келет.
Буга чейин Кыргыз футболчулары 1-турдун алкагында Монголия курама командасы менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми Бруней командасы Индонезиянын курамасын утуп алган.
Айта кетсек, оюндар олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча өтүүдө. Анда курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.
4-декабрь, 2-тур:
Монголия-Индонезия 15:00 (Бишкек убактысы боюнча);
Кыргыз өлкөсү-Бруней 19:15 (Бишкек убактысы боюнча);
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бруней - - Кыргызстан 0:4