super.kg logo

Ноокатта 14 жашар бала асынып алды. Анын атасы Орусияга кетип башка аял алганы белгилүү болду

 

Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айылында 2003-жылы туулган З.Х. аттуу мектеп окуучусу асынып алды. Билим берүү жана илим министрлигинин райондогу башкармалыгынын маалыматы боюнча, баланын жансыз денеси 28-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында өз үйүнүн чатырында асылып турган абалда табылган.

Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Осмоналы Көчкөновдун SUPER.KG'ге билдиришинче, баланы үйдүн ээси ымыркай кезинде багып алып чоңойткон. "Үй ээси А.Х. уулу жок болгондуктан аны багып алган. Кийин Орусияга кетип ал жактан башка аял алып балалуу болгон. Жакында эле айылга келип, өз кызын турмушка берип кайра кеткен. Бирок бул жактагы аялы да оорукчан болгондуктан үйдөгү турмуш-тиричилик баланын моюнуна жүктөлүп калган. Азыркы учурда баланын эмне себептен асынып алганын милиция иликтеп жатат. Орусияга кеткен атасы да кайра келди", - деди Көчкөнов.

Асынып алган бала Гулистан айылындагы Р.Хужамов атындагы орто мектепте окуп жатканын баса белгилешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
04.12.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эркектер балдарынын турмушунан,оздорунун кызыкчылыгын 1-орунга коюп калды...
04.12.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
kanykeim,Мына далил 2–аял алуудан коп учурда балдар жапа чегет .14жаш откоол мезгили эсиз бала жаш туйшукту которо албаганго.Жаткан жери жайлуу болсун.
04.12.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
2-катындын пайдасы
04.12.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Алгыла катын экиден учтон казакстанга барып алгыла, орусяга барып алгыла, айылынардан алгыла, XXXX. Корунгон жерде бойдокмун аялым жок балам жок деп касам ичкиле. Экинчи катын алганынарды баланар укса оор кабыл алат,баланын психикасы жука болот канча жолу айтам!!!!кичинекей ..... мн чечим чыгарбай мээнерди включайтеткиле. Кичине акча кармасанар эле катын катын дебей. Экинчи катын алганга жараша экиден учтон баласы кыйналган аялды алсанар экен. Озунордон кичуу жаш катынга оозунарды ачасынар
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-04 12:52:13
04.12.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул озбектер жашаган айыл алардын балдары 10 жаштан эле базарда иштешет жалко балага озбектерде эки айал алуу жат корунуш эмес биз Кыргыздар эми ызы чуу кылып атабыз
04.12.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
fora,Жанылышасыз, статистиканы караныз, озбектерде 80-90- жылдары экиден аял алгандар коп болсо, азыр аларда коп аял алгандар аз болуп, тескерисинче кыргыздарда коп аялдуулук кескин осуп кеткен, озбектер азыр байыса эле кош-коштоп там салып, соода ача коюп бизнес кылып жатышат. Кыргыздар болсо кош катын алып,анан башкаларды да угуттошот. Переходный возрастта психологический удар болуптур байкуш балага.Турмуштун оор сыноосуна чыдабай калган го. Жаткан жери жайлуу болсун.
04.12.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчи катын алуу деген кадимкидей уйлонуу, туугандарын менен жуучу болуп барып, аялынын ыраазычылыгын алып, экинчи аялын менен биринчи аялына шарият боюнча мамиле кылуу. Б.а экоонда оронтуп уйдо отургузуп багып, камкор жароокер ата болуу, биздин кыргызбайлар акчасы кобойсо жашырак ойнош таап ошону менен кун кечиргилери келет, ошону Чубак ажы жакшырак тушундурбоду, уйлонгуло деп жар салып койду, кээ бирлер бир аялынын конулун алалбайт гордый болуп кыйынсып.
04.12.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бу туугандардын дээрлик баарында экиден аял бар. Туулуп жаткан наристелердин санын салыштырып карасак Кыргыздардан саны аз болгону менен өзбек наристелер көп туулат.
04.12.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ermekbai,тоо десе бээ деген неме экенсиз
04.12.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ажыкебиздин экинчи аял деп айкырып угуттогонунун кесепети ушул болду наристелердин убалы аялдардын көз жашы жөн койбойт
04.12.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кvкvк эркектер да кобойду кысталак!
04.12.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жогоруда коммент жазгандар силерге табылбай эле калган окшой баарыңар эле экинчи катындын айынан деп.Бул жерде бала үйдөкү тиргиликке чыдаган эмес,анан да башка бирөө багып алса.Өз ата энеси жөк З болду да.Анан да асынып жарылып сайынып алгандар бул эле эмес буга чейин болуп келген и боло берет.Себеби эл экен эл арасында ар кандай окуя боло берет.Анан эле экинчи аялды мисал кыла коёсуңар да.Бечара каза болгон жаш бала экен, жаткан жериң жайлуу,топурагың торко болсун.
04.12.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurbekasr, болуп келген жана боло берет дегендер, озунордун башынарга келбесин мындай иш.
04.12.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Билесинер жан кандай таттуу бирок
Жанын кыйды демек
Ушунчалык азапта калып кеткен
Ата энелик милдеттин унутту азыр кобу
04.12.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы заманда экинчи аял алуу десе жаш сулуу кызга уйлонгонду элестетет эркектер.Илгери ата бабаларыбыз бир аял менен эле жашап келген.Акчасына копкон бай манаптар гана 2-4- но уйлонушкон.Агасы олуп женесине уйлогон кайнилерин...Куйоосу жок жесир аялдын эртенкисин ойлошуп.Азыр экинчиге бироонун сообуна калыш учун эмес,озунун "ЭРКЕКТИК" кызыкчылыктары учун гана уйлонушот.Экинчи катын "ойноштун" жылмаланып айтылган туру да...
05.12.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай болгон кундо да сырын ОЗУ менен ала кетди да бир Кудай билет Жана ОЗУ билет,балким башка себеби да бардыр,бул баланын Жайы Жаннаттан болуусун топурагы торко болуусун каалайм.
05.12.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарга да тан каласын баарына эле заманды куноолоп коюшат,заман ордунда эле турат,адамдардан пейил кеткен,баарыбыз пейилдерибизди ондоого умтулушубуз керек,ошондо баары жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: