Милиция Чубак Жалиловдун 6 саат суракка алынгандыгы боюнча комментарий берди
2-декабрь күнү Чубак Жалилов Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алынып келип, Бишкек ШИИББинин тергөөчүлөрү тарабынан 6 саат суракка алынганын анын жактоочусу Акин Токталиев билдирген. Бүгүн ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов Жалиловдун суракка алынышы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Жалиловдун 6 саат суракка алынганы боюнча жактоочунун маалыматы чындыкка жатпайт.
"Жалиловго карата кылмыш иши козголгон жок. Бирок өзүнүн айткан сөздөрү жана ага карата жазылган арыз боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. 6 саат суракка алынганы калп, 3-4 сааттай гана сурак берди. Ошондой эле жактоочунун "бийлик өкүлдөрүнө көрсөтөбүз дешип видеого да тартышты" деп айтканы чындыкка жатпайт. Видео тергөө үчүн эле тартылат. Тергөө тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталган жок", - деди Оморов.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдирасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

аял кылып жыргатып атат?
Мен билген эле кыргыз эжелер
Россияда озбектен торошуп
атасы Озбекстандан келбей
коюшкан балдары менен таштап.
Каапырларга бербегиле деп атат и башка улутка бергиче оз кыздарыбыз озубузго тийсин десе сен тетири суйлодун гоо.
Менден белек бир МИНУС!!!!!!!!::))
1-суроого: Ошол ажырашкан кыз- келиндердин куйоолору кимди алат?
2- ге : Эч ким ажырашкандарды 2-сорт дей албайт, ар кимдин тагдыры ар кандай.
3-го: Бешенеге жазылганын корушот.
Же эмне алар барып " бизди ким алат? " - деп арызданып жатабы?
Колунан келгендер ала беришсин.Балпайган байбиче,жайкалган карыя болуп балдардын торундо олтурганга эмне жетсин. Сый- урматтан кетип ар жакка темтендеп, бала- чакасына жузу жарык боло албай. Байбичеге эмне
Чубак дамыллан билип туруп мыйзамды бузуп жаткан сон кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалышы керек...
Катын, бала-чакасына тууган уругу каралашат... Мыйзам алдында байы да, кедейи да, молдосу да, кожосу да бирдей болууга тийиш.