Жактоочу: "Чубак Жалилов Бишкек ШИИБине кайрадан суракка чакырылды"
Мурдагы муфтий Чубак Жалилов бүгүн, 4-декабрда саат 14:00гө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, буга чейин анын жактоочусу Чубак Жалилов 30-ноябрда Казакстанга дарыланууга бара жаткан жеринен чек арада ага издөө жарыяланганын айтып, үйүнө кайтарышканын билдирген. Кийин Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келишкен. 2-декабрда Бишкек ШИИББинде Чубак Жалилов 6 саат сурак берип, сурактын жүрүшү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт деп баштан аяк видеого тартылганы маалымдалган.
Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

Анан колунда жок болсо, эки эмес бир аялды бага албаган сон, балдарына
Айдан ачык корунуп жатканы баарыбызга малым! Саясаттын сасык иштеринин негизинде жоопко тартып жатканы!
Мен экинчи аял албасын дегеним жок! Мага демектен 10 аял алсын! Мага бир тыйын пайдасы да зыяны да тийбейт. Казаныма тамак салып бербейт дегендей, аларды мактап жактасас эле. Демек, алсын, колунда болсо, эптей алса!
Угуп калчу элем, айткандарын. Биринчи аялын экинчи аял алууга уруксатын берсе алабергиле дегенин. Бирок азыркы озу жасап жаткан иштерине сын айтууга укугум жок!)
Ошол ажырашуулар эмне себептен келип чыгууда? Ошол нерсеге да сарасеп сала кетсек ашыктык кылбас! Как-будто аялдар ажырашканга кунолуудой жазганынызга жол болсун! Ун бир эле алакандан чыкпайт. Эсинизде болсун!
Экинчи аял алып, мен баштап берейин, улгу болоюн дейт, эми биринчи болуп камалып улгу болуп берсин, экинчи аял алгандарга эскертуу болуп....
Беш кол тен эмес. Бардык эркектер дегериниз акылсыздык! Ким эле экинчи аял алайын деп эки козу торт болуп турсун. Андай шарт жок кобундо. Россиялап биринчи аялын эптеп бага албай жатса экинчиси каяктан алсын.
АКЫЛ калчап иш туткан эркектер да барбыз! Ушуну бир билип койгула!