super.kg logo

Тепки жеген баланын ата-энеси жарандык никеде жашайт. Наристени тепкен кишинин 25, 27 жаштагы дагы 2 баласы бар

 

Жерде жатып, атасынан тепки жеген баланын ата-энеси жарандык никеде жашашат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-декабрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Мира Абдылдаева билдирди.

Ал белгилегендей, наристени ичке тепкен кишинин жарандык никедеги аялы экөөнүн ортосунда бул баладан тышкары дагы бир кызы бар.

Ал эми Сокулук райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Айымкан Керимбаева баланы тепкен кишинин 1990, 1992-жылы туулган дагы 2 баласы бар экенин айтты.

"Бул окуя тууралуу маалыматтарда ал кишини Сокулуктун жашоочусу деп жазып жатышты. Буга байланыштуу биздин кызматкерлер маалыматтарды топтодук. Ал адам Төш-Булак айылында туулуп өскөн экен, бирок учурда Бишкек шаарындагы 5-кичи районунда үй-бүлөсү менен каттоодо турат. Бизде катталган маалыматтар боюнча анын 25 жана 27 жаштагы 2 баласы бар. Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштечү. Жумушка Бишкектен Сокулукка каттап иштейт", - дейт Керимбаева.

Буга чейин тепки жеген кичинекей бала жана анын ата-энеси Бишкектеги Улан кичи районунда жашагандыгы маалымдалган.

Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Ал киши интернетке тараган видео монтаждалган деп күнөөсүн моюнуна албай жатат.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы аны кызматтан кетире тургандыгын билдирген.

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
04.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эки аял алган кишинин портрети. Коомду ушуга ундогондор жоопко тартылсын!!!
04.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
tram-lam,бир кишини деп калганына баа бербегин. Бир адам баарынын тагдырын чечпейт
04.12.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nematovich.90, бир эле киши экенин биле албайбыз да, замандашым, балким мындайлар коптур, ачыкка чыкканы ушул болду. Токтотпосок андан да кобойот.
04.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эээ кудай адамдар не болуп баратат иимдин кызматкерлеринен суранат элек жакшы карап чечим жакшы чыкса экен баланы да мындан кийин козомолдоп турушса жакшы болмок дагы кпйталанбайт деп эчким кепилдик бере албайт жумушунандагы алып салса эки эсе сабайтко сураныч балага козомол керек
04.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Монтаждалган" деген созду чиновниктер эле айтчуу эле. Бул киши дагы уйронгон экен. Монтаждап зарылбы? кимге пайда, кимге зыян. Же депутаттын тууганы бекен. Кайда баратабыз!
04.12.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эки аялы бар экен камагыла.
04.12.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Депутаттардан уйронгонго монтаждалган деп
04.12.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жузунон кандай адам экендиги корунуп турат. Колунан жакшылык келбей турган адам экен.
04.12.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул деген эки аял деген эмес эки аял алган адам Чубак ажыга окшоп ачык айтып элге жария кылып нике кыйдырып анан алат. А бул болсо жарандык нике (гражданский брак) демек никеси жок жашыруун жашап жаткан ойношу. Мына ушуларга жаза бериш керек ушуларды камаш керек
04.12.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muslim87,Официялдуу мамлекеттик каттодон отпогон , бирок никеси болсо да гражданский брак болуп эсептелет.
04.12.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ажыдааар деген неме ушул жака кирип мыйзамын иштетпейби же анын мыйзамы Чубак дамла үчүн элеби.
04.12.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары деле уйлонуп жайлангандыр.Мындай курактуулар небере жыттап отурушат.Бул киши карыганда балалуу болуп,тепкилеп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: