super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

 

Бүгүн, 4-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда президентке УКМКнын ишмердүүлүгү, террорчулук жана диний экстремизм менен күрөшүү жана террордук кылмыштардын алдын алуу боюнча кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат берилди.

Мамлекет башчы террорчулук жана экстремизм Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу коркунуч болуп жатканын баса белгиледи. "Тиешелүү мекемелер террорчулук жана диний экстремизм тармагындагы чакырууларга жана коркунучтарга каршылык көрсөтүп жатат. Бирок бул коркунучтар узак мөөнөттөгү мүнөзгө ээ. Мындан улам бул багытта иш алып барууну күчөтүш керек", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал террорчулук жана экстремизмге каршы маалымат айдыңында күрөшүү боюнча бирдиктүү стратегияны түзүү зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары президент мамлекеттик мекемелерде коррупция менен аёосуз күрөшүүнү улантуу УКМКнын приоритеттүү иштеринин бири болуш керектигин айтты. "УКМКнын ишмердүүлүгү укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдардагы коррупция менен күрөшүүгө багытталыш керек", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: