Жактоочу: "Чубак Жалиловдун 2-жолку сурагында ЖМКларга тараган маалыматтар тууралуу айтылды"

"Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине кайрадан сурак берип, ал 15-20 мүнөткө созулду. Анда негизинен диний ишмер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтар тууралуу сөз болду", - деп билдирди диний ишмердин жактоочусу Акин Токталиев бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына.
Жактоочунун айтымында, тергөөчү Чубак Жалиловго журналисттерге маалымат берүүсүн токтотууну айткан.
"Тергөөчү Чубак Жалиловго 2-декабрда өткөн сурак тууралуу маалыматтар тарагандан кийин журналисттер укук коргоо органдарынын тынчын алганын айтты. Мен айтат элем, журналисттердин кийлигишүүсү менен Чубак Жалиловго карата жасалган мыйзамсыз иш-аракеттер токтоду. Арыз жазган айымдардын арызынын негизинде кылмыш ишин козгогудай алар жабырлануучулар эмес да. Ошондуктан бул маселеге чекит коюлду деп ойлойм. Балким, бул жерде Чубак Жалиловду бир аз "кысып" коёлу" деген максат болгон", - дейт жактоочу.
Эске салсак, 2-декабрда Чубак Жалилов Бишкек ШИИББинде 6 саат сурак берген.
Буга чейин маалымдалгандай, аны укук коргоочу Азиза Абдрасулова жана депутат айымдар Аида Касымалиева, Эльвира Сурабалдиеванын арызынын негизинде суракка алышкан.
Эскерте кетсек, Чубак Жалилов 30-ноябрда Казакстанга дарылануу үчүн кетип баратканда чек арадан издөөдө жүргөндүгүн айтышып, үйүндө милиция күтүп жатат деп кайра артка кайтарышкан. Үйүнө келгенде милиция жок болгон. Кийин Чубак Жалиловду Бишкек шаардык милициясы Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жүргөн жеринен кармап келген. Кечээ, 3-декабрда Чубак Жалиловдун ден соолугу начарлап кеткендиги маалымдалган. Бирок шаардык милиция Жалиловду суракка алуу 6 саатка созулбаганын билдирген.


Экинчиден арыз жазган адамдар Чубак ажыдан жабыр тарткан эмес дейт... Биз олко жараны катары соттордон мыйзамдардын сакталышын, аткарылышын жана мыйзамды бузгандардын жазаланышын талап кыла алабыз!!! Мисалы эртен Чубак ажынар тоголок жетимди олтуруп койсо, жетимдин сурап алчусу, арыз жазчу тууганы жок деп Чубак ажынар кылмыш жообунан кача албайт да, туурабы?!!
Жазасын албай эле тайрандап журбойбу.
Анан калса кечоо токол албаганда аттай болуп жургон дамылланар, бугун суракка чакырылганда кесел, оорукчан болуп чыга калдыбы?!! XXXX экен го, ажынар!!!...
Эсиңерге түйүп алгыла, Акыретте сөз ссүз жооп бересиңер эч жака кача албайсыңар өлөсүңөр баары бир айыбы жок тынчын алганыңар үчүн акыретте сөз сүз акыйкат сот болот.
Жараткандын жанында жооп бересиңер.
Чубак Ажыга бекем ден-соолук каалаймын!
Сен ушунчалык акылдуусунго ээ. Мыйзамды жакшы билесинби. Ошол сен кунолоп аткан статьяны жакшылап окуп анан суйлосон. Билип билбей эле мыйзам деп эле журо бербей. Сенин далилин барбы биринчи аялы менен экинчи аялы бир уйдо турганды боюнча бул бир. Экинчи ошол эки аялынын бирисинен арыз туштубу жабырлануучу катары.учунчудон берки уч аялдын арызы жабырлануучу катары эмес коро албастыка кирет
Ал жакшына жашапле ала бер деген жоок туура бул ар кандай маанин түшүндүрүп жатат но жамандык каалап жаткан жок!