Бишкек ШИИББи: "Чубак Жалилов экинчи аялым деп жаткан аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен никеси да жок экен"

Бүгүн, 4-декабрда диний ишмер Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине экинчи ирет чакыртылып, өзү айтып жаткан "экинчи аялы" тууралуу суроолорго жооп берди. Мекемеден SUPER.KG'ге кабарлашкандай, Жалилов кеп болуп жаткан аял экинчи аялы эмес экенин айтты.
"Жалилов ал аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен жарандык да, расмий да никеси жок экен. "Бир гана балдарымдын апасы жубайым" деди. Андан сырткары интернетке тараган видеодо эч кимди мыйзам бузууга чакырбаганын белгиледи", - деп билдиришти ШИИББден.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.


ха
ып кет.сага да XXXX
Erkekterdi eki aiyal alganga uguttop alyp emmi eki suilop oturganyn kara, bir aiyaldy kyirata bergile , kerek bolso Jalilov ajy dagy eki aiyal baguuga karajaty jetpeit!!!!
Чубак деле пенде го кудай эмес,ал деле куноо кылат,жанылат,адашат го.
Кее бироолор бул жерде айтып атышат Чубак ажы минтип айтпайт болчу,жанылбайт болчу,ката кетирбейт болчу деп.
Жок!ал деле пенде,жанылышы мумкун,жолдон адашуусу мумкун.
Экинчи аял алдым ак никелеп деп озу жолдон адашты бу сапар.
Неге озунордогу башынардагы чоптту корбой бироонукун коруп жатасынар...