Стилисттерден дагы бир жаңылык. Каш таажыга айланат
Стилисттер каш менен эмнелерди гана жасап көрүшкөн жок: боёп, өрүп, сүрөт тартып, ал гана эмес эки каштын ортосун терип да көрүштү. Жаңыдан визажисттик кесипке аралаша баштаган Софи Петерсон дагы бир жаңылык ойлоп тапты. Тагыраагы кашты жалтырактар менен кооздоо боюнча эксперимент жасап, жыйынтыгын таажы менен салыштырган.
"Мен алгач кашымды ар тарапка тарап көрдүм. Бир мезгилде карасам таажынын формасына окшошуп калыптыр. Анан эмнеге ушул каштын учтарына жалтырак чаптап, таажыга окшоштуруп койсом болбойт деп ойлондум. Жыйынтыгы өзүмө жакты. Албетте, күн сайын мындай каш менен жүрүү ыңгайсыз. Бирок жаңы жылдык кечелерге же кандайдыр бир майрамдарда кашты минтип кооздоп алуу ашыкча болбойт", - деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:17
2025-06-25

Рейтинг:
0

Эми жанагы алыстан караганда каш жанына келсең карандаш болуп калган каштар кайра остурот экенда