super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков Ысык-Көлдөгү Жууку капчыгайындагы бактарды кыйгандарга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды

 

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мекемелерге Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы, ошондой эле башка корук аймактардагы бактардын кыйылыш фактылары тууралуу маалымат боюнча текшерүү жана комплекстүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул тапшырмаларды аткарууга тийиш.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп, ага мындан ары карай тыюу салууну, мындан тышкары мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды. Өлкөнүн укук коргоо органдарына бактарды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги бар жактарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: