super.kg logo

Ошто студенттин жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектелип 6 жигит кармалды

 

Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 1-курсунун студенти каза болуп, анын өлүмүнө шектелип 6 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 17 жаштагы студенттин өмүрүн алган окуя тууралуу 3-декабрда саат 10:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат келген.

Чакыруу боюнча шаардагы Н.Исанов көчөсүнө барган милиция кызматкерлери унаа токтотуучу жайдан жашы 18-25 жаштардагы эркек кишинин башы жарылган абалдагы жансыз денесин табышкан.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон жигит 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Даркум айылында туулган С.Д. болуп чыкты. Кылмышка шектелип 6 жаран кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, кылмышка шектүүлөрдүн бири - 1992-жылы, дагы бири 1999-жылы, экөө 2000-жылы, дагы эки бала 2001-жылы туулган жарандар.

"Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча 2-декабрь күнү кечинде С.Д. мас абалында ал балдарга келип, жаңжал салган. Ошол учурда каза болгон жаранды балдар ур-токмокко алышкан. Бирок алар маркумду өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал күнү шектелип жаткан 6 бала спирт ичимдиктерин ичкендиги белгилүү болду. Студент башынан алган оор жаракатынан улам каза болгон. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда", - деп кошумчалады ШИИБдин маалымат катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
05.12.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
6 адам бир адамды сабайбы? Олду кетти деп жалгар корсотмо бериши мумкун. Олтурбодук деп олтуруп коюшканын туйбай
05.12.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окунучтуу
05.12.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жапжаш балдарга не жок.Али байоо курак го? 92-жылкы бала не кылып жүрөт?25ке кирсе дагы эсине келбептир жарыктык..Күнөөлүүлөр жазасын алсын!Баланын ата-энесин сабыр(Не деген үмүт менен окутту эле?!
Medinaa түзөттү 2017-12-05 17:06:43
05.12.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакындарына сабыр берсин.
Юго-востокскийлер
05.12.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
XXXX озунчо местный болумуштар го дейм а корунгондон акча сурап бомждарга окшоп бербейм десе сабашкан го жайи жаннаттан болсун омин
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-05 17:23:32
05.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Он гулунон бир гулу ачыла элек балдар экен баары ата эненерди ойлодунар бекен уруп олтуруп аткан учурда
05.12.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаман иш болуптур. Ата эненин шору
05.12.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
олтуросунорбу-олтурбойсунорбу,мактайсынарбы-ушактайсынарбы, баары бир ушундай бир кун келет баарына жооп бересинер!
05.12.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
С.Д. ал бала ото жакшы бала болчу мектептин президенти болуп мектепти жакшы аяктаган, эч кандай ичимдик иччу эмес берки алтоо уруп эле олтуруп койгон, олгондун озунун шору деп куноону ага жаап коюп жатышат да озу мас тийишти деп, ото окунучтуу жаткан жерин жайлуу кылсын.
05.12.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындарына сабыр берсин.студенттер ортосуна бар да тартип жок
05.12.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалгыз адам мас болгон учурда деле эч качан 6 адамга тийишпейт. Бул жомогунар отпойт
05.12.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakyl12 С.Д ким экен ал?Кайсы бала?
05.12.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Даркум айылындагы Саатбек агайдын баласы болчу Доолотбек жакшы бала болчу.
syd.adilet түзөттү 2017-12-05 19:58:32
05.12.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-курстун баласы болсо ичиши мумкун эмес, а урган балдар ар кандай куракта экен озунчо борзый болуп акча сурап сабаганда,ата энесине олгондунда камакка отурчулардында
05.12.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
6 баланы 36 баланын ортосуна салып бериш керек акмактарды!!!
05.12.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция эн жакшы иштеп тапкыла изин кууп оз жазасын алыш сын олтургондор
05.12.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур
06.12.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы бала болчу Доолот ,ата энесине сабыр берсин ,жаштык ,тушунбостук болуптурда эх кыргыздар бири биринерди абайлагылачы жазасын берсин Эми алттоосун,жинди суу жакшы нерсе алып келбейт ОЗУ!!!!
06.12.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
4-этаждан ыргытып жибериптир деп жататго. Биякта Лейлекте. Уккан адамдын журогу ачышат,конулу ооруйт. Оо Аллахым боодо кырсыктан курук дооматтан озун сактай кор. Ата-энесине сабыр...Олтургонлор жазасын алсын! Тергоо кызматкерлери акчага алданбай баарын мыйзам негизинде жазалагыла!!!!!
aszyma түзөттү 2017-12-06 09:18:04
07.12.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma,эксперт кылыптырбы 4 этаждан ыргытканын.2 декабрда а талпа балдар мушташып востокто милициялар келиптир деп атат ушул окуяга тиешелүү болсо керек ошол.милиция акчага алданбай күнөлүүлөрдү адилетткү чечим кылып тапса жакшы болот эле
06.12.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакындарына сабыр берсин жаткан жери жайлуу болсун!өкүнүчтүү 1 баланы 6 бала кылымда сабап өлтүргөн эмес!ал эркектин иши эмес да сабаган балдар эркек эмес экенсиңер!!!
06.12.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маркумдун туугандары кылмышкерлерди сотко берсеңер алар акча менен 2-3 жыл отуруп чыгып кетет андан көрө өлтүрүп салгыла мындай адам сымал айбандарга жакшылык жок эртең чыгып дагы бирин өлтүрүшөт!!
06.12.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмышкерлердин аты жөнүн билгендер жазып койгулачы эл таанысын.а так милиция толук айтбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: