super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналдунун жубайы менен жакында эле жарык дүйнөгө келген кызынын сүрөтү белгилүү журналдын башкы бетине чыкты

 
Жоржина Родригес, Криштиану Роналду жана анын карын энеден төрөлгөн балдары

Футболдун күйөрмандары 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна ташталган чүчү кулактын жыйынтыгын талкуулап бүтө албай жатышса, "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналдунун күйөрмандары анын эң кичүү кызынын алгачкы фотосессиясына суктанып бүтүшө элек.

Тактап айтканда, бир ай мурун жарык дүйнөгө келген футболчунун кызы Алана Мартина апасы Жоржина Родригес менен бирге iHOLA! журналынын башкы бетине чыккан. Анда Родригес жакында эле башынан өткөргөн төрөтү, кызынын кылыктары, Роналду жана анын башка балдары менен болгон мамилеси тууралуу кенен маек берген.

"Биз үчүн кызыбызга ат тандоо абдан оор болду. Жыйынтыгында мен Алана деген атты жактырсам, Криштиану Мартина деген ысымды тандады. Мындан улам экөөнү кошуп бир ысым кылып жаздырдык", - деген ал.

Ошондой эле Родригес кичинекей балдар анын жашоосундагы эң чоң орунду ээлей турганын айткан.

"Мен балдарга абдан жакынмын. Алар менин жашоомдун эң негизги мааниси. Учурда бир эмес, төрт балага энемин. Бирок бала багуу менен чектелип калбастан, сүйүктүүм менен көптөгөн кызыктуу жерлерге барып, көңүл ачып турабыз", - деген өз маегинде.

Эске салсак, ушул жылдын 12-ноябрында Родригес сүйүктүүсүнө Алана Мартина аттуу кыз төрөп берген. Бул футболчунун 4-ымыркайы. Ал буга чейин карын энеден төрөлгөн уулу жана эгиз наристелердин атасы эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.12.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омуру узун болсун
05.12.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
карын энеден деген эмне?
05.12.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aizataika.911416, суррогат. Роналду акча төлөгөн кызга точнее энеге Рони акенин уруктугун жасалма жол менен салып төрөп берген. Анан келишим боюнча төрөгөндөн кийин такыр ал балага тиешең жок болот. Мыйзамдуу түрдө
05.12.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aizataika.911416,сурогатная мать...
05.12.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ilgizk,жакшы тушундурупсун,молодец!
05.12.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
https://www.super.kg/article/show/29753?searchtext=эку ушул шилтеме аркылуу маалымат алууга болот.

05.12.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула Реналдо ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: