super.kg logo

Украинада Коопсуздук кызматы Михаил Саакашвилини өз үйүнөн кармап кетти, бирок тарапташтары аны бошотушту

 
Бүгүн, 5-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы Одессанын мурдагы облус башчысы Михаил Саакашвилини Киевдеги үйүнөн кармап кетишти. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, алгач ал өзү жашаган үйдүн чатырына чыгып кетип калгандыктан, Коопсуздук кызматтын жоокерлери анын үйүнүн эшигин талкалап кирип тинтүүгө алышкан. Андан кийин үйдүн чатырына чыгып Саакашвилини кармап түшүшкөн.
"Саакашвилини кармоо аракети жүрүп жатканын уккандан кийин бир канча тарапташы анын үйүнүн жанына чогулуп, саясатчыны алып кетүүгө тоскоолдук аракеттерин көрүшүп, кыйкырык салышты. Бир нече сааттан кийин алар Коопсуздук кызматынын кичи автобусун талкалап, Саакашвилини бошотушту", - деп жазышат басылмалар.
Өлкөнүн укук коргоо органы ал кылмыштуу топко жардам берген жана алардын кылмыш ишин жашырган деген негизде кармалганын түшүндүрүүдө. Украинанын мыйзамдарына ылайык, мындай аракети үчүн ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Анын жактоочусу Руслан Чернолуцкий Саакашвилини кармоодо күнөөлүү катары көрсөткөн эч кандай документ көрсөтүлбөгөнүн, бул саясий буйрутма болуп жатканын билдирүүдө.
Ноябрь айынын орто ченинде Михаил Саакашвили өзүнүн тарапташтары менен бирге Украинада нааразычылык акциясын өткөрүп, өлкөнүн президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.12.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саакашвили кыйын адам экенсиз. Мен сизди колдойм. Ошол Порошенкону кетириш керек
05.12.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бору баласы ит болбойт дегени ушуда , губернатор кылды баш паанек берди эле озуно эле каршы чыкты.
06.12.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамандын коногу бий деген ушу.
06.12.2017. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушу Сакашвилли менен текебаев окшош эч президенттен коркпойт!
06.12.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gute, ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: