super.kg logo

Милиция: "Чубак Жалиловду колдогон митингди өткөрүү боюнча кат түшкөн жок. Тартип бузгандар болсо кармайбыз"

 

Эртең, 6-декабрда Бишкектеги Ак Үйдүн алдына диний ишмер Чубак Жалиловду колдогон митингге чакырган маалыматтар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Бишкек ШИИББине жана мэрияга мындай митинг өткөрүү боюнча эч бир жактан кат келип түшпөгөнүн аталган эки мекеменин маалымат кызматтары SUPER.KG порталына билдиришти.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы эгерде жарандар митингге чыгып, коомдук тартипти бузуу аракетине барса кармала турганын эскертти. "Жалиловду колдогондор митинг өткөрүү боюнча уруксат алышпаптыр. Эгерде уруксат албай туруп митингге чыгып, коомдук тартипти бузууга барышса кармайбыз", - деп билдиришти ИИМден.

Диний ишмер өзү да социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынын бирине: "Эртең мени колдогон эч кандай митинг болбойт. Аты-жөнү белгисиз болгон адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы! Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобойм жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептейм", - деп жазды.

Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

Кечээ, 4-декабрда Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине экинчи ирет чакыртылып өзү айтып жаткан "экинчи аялы" тууралуу суроолорго жооп берген. Милициянын маалыматы боюнча, Жалилов экинчи аялым деп жаткан аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
06.12.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен чыгам колдоп
06.12.2017. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митинге чыга турган болсок милисиянын ###### эле айрып койобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: