super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Чемпиондор Лигасынын акыркы беттештери орун алат. Анда "Бавария" өз талаасында "ПСЖны" кабыл алса, "Атлетико" менен "Челси" беттешет

 

Бүгүн, 5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 6 турдун оюндары ойнолот. Анда "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттештери орун алат.

Эң кызыктуу беттеш катары "Бавария"-"ПСЖ" жана "Челси"-"Атлетико Мадрид" командаларынын оюндарын саноого болот. Андан тышкары Орусиялык "ЦСКА" конокто "Манчестер Юнайтед" менен беттешет.

Тайпадагы абал:

"А" тайпасында лидерликти "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу сактап, жалпы 12 упай топтоп алдын ала кийинки этапка жолдомо алган. 2-орунду 9 упайдан топтогон "Базель" жана "ЦСКА" талашууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Бенфика" командасы жайгашкан.

"В" тайпасында 4 турдун жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 15 упай менен 1-орунда жайгашкан. Ал 2-орунда жайгашкан "Бавария" футболдук клубу менен бирге плей-офф баскычына алдын ала чыга алган. 3-орунда 3 упай менен "Селтик" жайгашса, "Андерлехт" 4 жолу жеңилүү ызасын тартып 0 упай менен 4-орунда орун алууда.

"С" тайпасында сап башында "Челси" жайгашкан, ал 5 беттеште 10 упай топтогон. 2-орунда 8 упай менен "Рома" командасы келүүдө. 3-орунда 6 упай топтогон "Атлетико Мадрид" клубу жайгашкан. Ал эми 4-орунду 2 упай менен "Карабах" клубу ээлеп келүүдө.

"D" тайпасында 5 турдун жыйынтыгында 11 упайга ээ "Барселона" клубу 1-орунда келе жатат. 2-орунда 8 упай топтоп "Ювентус" келүүдө. "Спортинг" 7 упай менен 3-орунда келе жатса, 4-орунда 1 упай менен "Олимпиакос" командасы жайгашкан.

Бардык беттештер Бишкек сааты боюнча 01:45те башталат.

"А" тайпасы

"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "ЦСКА" (Орусия);

"Бенфика" (Португалия) - "Базель" (Швейцария).

"В" тайпасы

"Бавария" (Германия) - "ПСЖ" (Франция);

"Селтик" (Шотландия) - "Андерлехт" (Бельгия).

"С" тайпасы

"Челси" (Англия) - "Атлетико Мадрид" (Испания);
"Рома" (Италия) - "Карабах" (Азербайжан).
D” тайпасы
"Барселона" (Испания) - "Спортинг" (Португалия);
"Олимпиакос" (Греция) - "Ювентус" (Италия).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.12.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ПСЖ кагат го.Кааап Атлетиконун группасынан чыкпай калганы жаман болду
06.12.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,Атлетиконун группадан чыгышына 5%шанс бар,ал учун Атлетико Челсини утуп,а Рома Карабахка женилсе группадан чыгат.Чудо болуп кетпесе эле мындай болуш кыйын )))
06.12.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,chelsee jon ele utatko deim atletikonu a karabah romany ech kachan uta albasa kk ten chyguu ele bolboso. Atletikonu shansy 0.0001% dese da bolot
06.12.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Челси 3-1 Атлетико Мадрид
06.12.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барса
06.12.2017. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пысычынар мыкка окшоп кагылып калды)
Бирок бавария очун толлук алалбады).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: