super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы Азербайжандын элчисин кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду

 

Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз-Азербайжан кызматташтыгына токтолуп, эки тараптуу алакалардын бардык артыкчылыктуу багыттары жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. “Ушул жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында өтө турган ТүркПАнын пленардык жыйынына Улуттук Межлис төрагасы Октай Асадов баштаган Азербайжан парламенттик делегациясынын катышуусун Кыргыз тарап кубаныч менен кабыл алат”, - дейт Жумабеков.
Дастан Жумабековдун билдиришинче, эки өлкөнүн экономикалык алакасын чарбалык субъектилердин жана ишкерлердин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын алкагында өнүктүрүүгө болот. “Биздин өлкө инвестициялык багытта да кызматташууга кызыкдар" деди спикер. Жумабеков Кыргыз мамлекети чет өлкөлүк инвесторлордун ишине бардык шарттарды түзүү менен алардын мыйзамдуу иш алып барышын камсыздаарын жана колдоого аларын баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Гидаят Оруджев Азербайжан тараптын да Кыргыз менен кызматташууга кызыкдарлыгын айтты.

Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, маданият, экономика өңдүү ар кыл тармактардагы алакаларды арттыруу зарылчылыгы боюнча пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: