Сапар Исаков менталдык арифметика боюнча Дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алган Нурхан Таштанов менен жолукту



5-декабрда премьер-министр Сапар Исаков менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчысы Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстеликке белектерди тапшырды. «Биз Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», - деди Сапар Исаков.
Ошондой эле премьер-министр келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Айта кетсек, Нурхан Таштанов 1-октябрда Таиланддын Бангкок шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча Дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
4

Азаматсын Нурхан!