super.kg logo
  Спорт  

Орусия курама командасы Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

 

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди.

Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освальддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освальддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген.

Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын спорт комитети толугу менен дисквалификацияланды жана Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.

2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Орусиянын олимпиадалык мелдештерге катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири масштабдагы кызытма программасына тартылганын далилдеген. Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары ФСБнын кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Атап айтканда, алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турган.

Сентябрда 17 өлкөнүн улуттук антидопинг уюмдары Сочи Олимпиадасындагы бурмалоолорду жана таза атаандаштык милдеттенмелерин аткарбай жатканын эске алуу менен, Орусияны 2018-жылкы кышкы оюндардан четтетүүнү талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.12.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даа, каерде болбосун бурмалоо деген болот да. Биздин балбаныбызга деле коло медаль берип алышып, кайра тартып алып коюшту го. Карап корсо Кыргызстан алсыз мамлекет, анан жалган жалаа мн четке чыгарышты. Кайран элим, кайран балбаныбыз. Колдоосуз калып кетти
06.12.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702, Кеп анда эмес! Россияны деле четтетип салышты!
06.12.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олимпийский флаг менен катышканга уруксат бериптир бул кандай ? Олимпийский флаг менен непризнание государстволор катышчы эле эмне Россияны не признают что ли? еще 15 млн доллар толоп бериш керек экен МОКко расследованиеге кеткен чыгым катары.Родченковтун созу менен эле ушундай кадамдарга барса анда Олимпийский движениенин эмне кереги бар.эми Пхенчхан га киргизбегени аз келгенсип футболдон четтеткенге болгон аракетин жумшап атат.футболистер да допинг колдонгон болушу мумкун деген шылтоо менен эх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: