super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер кызматына шайлады. Ал депутаттык ордун да сактап калат

 

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңеш Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына шайлады. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Шадиевге суроо бербей эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. "Кесиптешибизди жакшы эле билебиз да. Суроо берүүнү токтотуп, добуш берүүгө өтсөк. Иса Өмүркуловдун апасын жерге берүү зыйнаты өтүп жатат. Аскарбек Шадиев иштегенден кийин эле суроо берсек жакшы болмок", - деди Тиллаев.

Депутаттар Тиллаевдин сунушун колдоп, добуш беришти.

Жалпы 98 депутат "макул" деп добуш беришти.

Аскарбек Шадиев "Бир Бол" фракциясынан депутат, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.

Эске салсак, 1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, 72-берене боюнча депутат премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: