Депутат Алтыбаева Саламаттыкты сактоо министрлигин кургак учуктун алдын алууга чакырды
КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Саламаттыкты сактоо министрлигин кургак учуктун алдын алууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-декабрда парламент жыйынында билдирди.
“Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кургак учук оорусу менен аялдарга караганда эркектер көп ооруйт экен. Жыл сайын 18-24 жаштагы эркектердин арасында бул ооруга кабылгандардын саны өсүүдө. Жаштарга аталган оорунун алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүү керек”, - деди Алтыбаева.
Учурда жыйында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Alibay

06.12.2017. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гепатиттин алдын ким алат...Канчалаган бейкуноо адамдар ,каяктагы шалаакы тиш врачтын,мед .кызматкердин айынан бул жугущтуу илдетти жугузуп алып азап чегип журот.Коркунучтуусу эч билинбегендигинде жана качан гана отушуп кеткенинде билинет экен.Анда кеч болуп калат экен.Элет жерлерине гепаталогиялык борборлорду ачып ,элди мажбур турдо текшеруудон откорбосо болбойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.