super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кара-Суу" базарында балдарын жерге уктатып коюп кайыр сурап отурган аял базарга келип жардам сурабай калды"

 

23-ноябрь күнү окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кайрылып, Ош облусунун "Кара-Суу" базарында бир аялдын эки баласын муздак жерге жаткызып коюп кайыр сурап отурганын жазган.

Бул маалымат боюнча Кара-Суу районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрмек Баатыровго байланышканыбызда, ал башкармалыктын кызматкерлери бул аялдан кабар алышканын билдирди.

"Бул сүрөттөгү аял ар апта сайын базарга келип, балдары менен кайыр сурайт. Биздин кызматкерлер Өзгөн районуна барып аялдан кабар алышты. Алар барышканда анын өзүнүн үйү бар экендиги жана ал начар эмес шартта жашай тургандыгы аныкталган", - дейт бөлүм башчы.

Ошондой эле Баатыровдун айтымында, базар күндөрү кишилер көп болгондуктан кайыр сурап акча тапканды адатка айланткандардын саны арбын. Ал эми бул аял тууралуу маалымат жарыялангандан бери ал базарга келип кайыр сурабай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.12.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар эмне болуп баратышат деги?
07.12.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубекстанына кетсин!!!!Кыргызстанда Кыргызча суйлоп Кыргызча жазбаса эмне кереги бар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: