Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн
Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева билдирди.
Касымалиева азыр бир эле Зулушевдин талапкерлиги тууралуу укканын айтты.
Ал эми "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев билдиргендей, бүгүн саат 15:00дө фракция лидерлери кимдин талапкерлиги карала турганын айтышат. Абдылдаев Курманкул Зулушев жакшы талапкер экенин белгиледи.
Бүгүн депутат Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу вице-спикерликтен кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

