Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: "Бишкекте атасы тепкен баланын абалы жакшы, эне-бала менен психологдор иштеп жатышат"



Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова атасы тепкен баланын абалы жакшы экенин жана учурда психологдор иштеп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"3-декабрь күнү биздин кызматкерлер үйүнө барышып, тийиштүү документтерди толтуруп келишкен. Апасы өз арызында буга чейин атасы тарабынан балага эч кандай зомбулук болбогонун, анын жүрүм-турумуна оң мүнөздөмө берерин айткан. Бирок аягында ата-энелик укуктан ажыратылсын деп жазып берген. Мурунку никесинен да балдары бар экен. Азыркы никесинен болсо бир эле баласы болгон. Учурда баланын абалы жакшы, биз көзөмөлдөп турабыз. Апасы менен да, бала менен да психологдор иштеп жатышат. Ата-энелик укуктан ажыратуу оор процесс, аны сот чечет", - деди Султанмуратова.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.
Эркек киши кичинекей баланы тээп жатат








1 |