Кыргызстандык соттор Бельгияда өткөн эл аралык семинарга катышып келишти
12-13-ноябрда Брюссель шаарында (Бельгия) "Сот адилеттигинин системинин өнүгүүсү" аталышында эл аралык семинар болуп өттү. Семинарга Кыргызстан,
Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Моңголиядан өкүлдөр катышышты. Семинарда соттордун компетенттүүлүгүн жогорулатуу, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын эл аралык стандарттарын өнүктүрүү, соттук чечимдердин аткарылышы жана башка маанилүү маселелер талкууланды. Иш-чарага Кыргызстандан Жогорку Соттун судьясы Кабылбек Жумашов жана Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов катышып келишти.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

