super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер-министр болуп шайланган Аскарбек Шадиевдин өмүр баяны

 

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевди шайлады.

1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Ошондой эле парламенттин жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.

Аскарбек Шадиев 1969-жылы 31-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган. Ал 1988-жылы Фрунзе Политехникалык техникумун аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ошол эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн.

- 1993-жылы "Сфера" өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары;

- 1995-жылы "Азнур ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык директору;

- 1995-жылы "Корпорация Датка" жоопкерчилиги чектелген коомунун вице-президенти;

- 2000-2002-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;

- 2002-жылы каржы министринин орун басары;

- 2002-жылы Каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетинин жетекчиси;

- 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору;

- 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;

- 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;

- 2010-2011-жылдары энергетика министри;

- 2011-2012-жылдары энергетика жана өнөр жай министри;

- 2015-жылы "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: