super.kg logo

Миң-Куштуктар бүгүн эмнеге жол тосушканы белгилүү болду

 

Бүгүн, 6-декабрда Нарын облусунун Миң-Куш айыл аймагынын тургундары айыл өкмөтүнүн ишине канааттанбаганы үчүн жол тосуп нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

"Миң-Куштун тургундары 4 талап коюшту. Алгачкы талабы бул ички жолдорду оңдоп берүү. 2-талап бул айыл өкмөтүн алмаштыруу. 3-талап "Бусурманкул" көмүр казган ишканасында белгисиз газ чыгып жатканына байланыштуу аны изилдеп жана таасирин аныктап берүү. Мындан тышкары тургундар "Берекет" көмүр казган ишканасы көмүр казып чыгуучу жерде аккан суу айыл пайдаланган таза сууга кошулуу коркунучу бар болгонуна нааразы болушууда", - дейт өкүлчүлүктүн маалымат катчысы.

"Бул талаптарга байланыштуу бүгүнкү күндө ички жолдор "Берекет" жана "Бусурманкул" ишканаларынын техникасы менен оңдолуп жатат. Миң-Куш айылынын айыл өкмөтү Кубатбек Ниязбеков өз каалоосу менен айыл кызматынан бошотулду. Ошондой эле калган талаптар боюнча экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адистери текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп кошумчалады Айнура Дүйшөк кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(3)
06.12.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматтар! Өз таламыңарды коргогула!
07.12.2017. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Минтпесе бийлик ойгонбой калды го. Туура кыласыңар! Ар бир жакшы жашоого, жакшы жашаш үчүн өз укугун коргоого милдеттүү.
07.12.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл окмот элди курутканго сыягы.
Nanei түзөттү 2017-12-07 18:01:37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: