super.kg logo

Жээнбеков АКШда кубок уткан жаш хоккейчилерди президенттик балатыга чакырды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Алга, Бишкек” балдар хоккей командасына "Barrington Ice Arena 2017" Кубогун жеңиши менен куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу кичинекей достор, ардактуу ата-энелер жана машыктыруучулар!

Сиздерди Америка Кошмо Штатынын Чикаго шаарында жеткинчектер арасында өткөн "Barrington Ice Arena" хоккей таймашынын кубогунун чемпиону болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ат жалында шамал менен тең жарышып өскөн көчмөн элинин келечек жигиттери керемет оюнду көрсөтүштү. Мындай эр азамат жигиттер жалпы элибиздин сыймыгы!

Албетте, бул жеңиште ата-энелер менен уюштуруучу, машыктыруулардын эмгеги зор! Ушул саамалык жалпыбызды дагы бир ирет балдарыбыз үчүн сыймыктанууну жаратып, мекенди коргоо, намысыбызды бийик тутуу сезимдерин күчөттү деп ойлойм. Мындан ары дагы бийик максаттарды багындырууңарга тилектешмин!

Жеңүүчүлөрдү байгелери менен чын дилимден куттуктап, кубанычтуу күнү ардактуу досторубузду Жаңы жылдык Президенттик балатыга чакырам!

Жергебизде спортту сүйгөн жаңы муундун келечеги кең болуп, тынчтыкта жана бакубаттыкта өсө беришсин!”

Айта кетсек, АКШнын Чикаго шаарында 2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" мелдешинде Кыргыз өлкөсүнүн жаш хоккейчилери жеңүүчү аталган. Мелдештин финалында Кыргыз хоккейчилер "Ice Dogs" командасы менен кез келген. Буллиттер сериясында Кыргыз жаштары мыкты болуп, мелдештин жеңүүчүлөрү болгон.

Турнирге АКШ, Орусия, Канада өлкөлөрүнөн келген командалар катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
06.12.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сооронбай Жээнбеков азаматсыз! Казак-Кыргыз мамилесин жонго салдыныз. Сиз президент болгондон кийин, алгылыктуу иштер коп болуп жатат.
06.12.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иштей бериңиз талыкпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: