super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу оюндары ойнолот (тизме)

 

6-декабрдан 7-декабрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук мелдеш - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешет.

Күндүн башкы беттеши катары "Реал Мадрид"-"Боруссия" клубдарынын ортосундагы оюн саналат.

"Е" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Ливерпуль" командасы 9 упай менен 1-орунда турат. 2-орунда 8 упай менен "Севилья" жайгашса, "Спартак" 6 упай менен 3-орунда жайгашкан. Ал эми 4-орунда 2 упай топтогон "Марибор" командасы турат.

"F" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Манчестер Сити" командасы 15 упай менен 1-орунда келүүдө. 2-орунда 9 упай менен "Шахтёр Донецк" жайгашса, 3-орунду 6 упай менен "Наполи" командасы орун алууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Фейеноорд" командасы жайгашкан.

"G" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында "Бешикташ" командасы 11 упай менен 1-орунда. 2-орунда 7 упайга ээ болгон "Порту" жана "РБ Лейпциг" командалары талашууда келе жатат. Ал эми 4-орунда 2 упай ээлеген "Монако" командасы орун алууда.

"H" тайпасында 1-орунда 13 упай топтогон "Тоттенхэм" келүүдө, анын артынан 10 упай топтогон "Реал Мадрид" командасы 2-орунда жайгашкан. "Боруссия Дортмунд" менен "АПОЭЛ" командалары 2 упай менен 3-4-орунду бөлүшүп келүүдө.

Бардык беттештерге Бишкек убактысы боюнча саат 01:45те старт берилет.

"Е" тайпасы:

"Марибор" (Словения) - "Севилья" (Испания);

"Ливерпуль" (Англия) - "Спартак" (Орусия).

"F" тайпасы:

"Шахтёр Донецк" (Украина) - "Манчестер Сити" (Англия);

"Фейеноорд" (Голландия) - "Наполи" (Италия).

"G" тайпасы:

"Монако" (Франция) - "Порту" (Португалия);

"РБ Лейпциг" (Германия) - "Бешикташ" (Түркия).

"H" тайпасы:

"Реал Мадрид" (Испания) - "Боруссия Дортмунд" (Германия);

"Тоттенхэм" (Англия) - "АПОЭЛ" (Кипр).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.12.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал мадрид алга
06.12.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ситиден 5 гол
06.12.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реалга ийгилик
07.12.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал Мадрид борусия дортмунд божомолум 3-1 алга Реал
07.12.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ситиден 5 гол десе неге минус басып журосунор тушунбодум?Реалдын болельщиктери Ситиге кандай тиешенер бар?Же баары Реалга болеть этиш керекпи?
07.12.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84,минусту биз баспадык дембеле.неге антет элек.билбей корбой куноо арткан шариятка туура келбейт бир тууганым дембеле
07.12.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rasul94,Футбол жанылыктарына саналуу эле адамдар кирет.Реал алга дегенге плюс басып,Ситиден 5 гол десе минус баскан ошол эле адам и корсо антип жазган адам FCBMESSI турбайбы,тут все логично ребята!
07.12.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,дембеле ошого чейин эле кейий берет экенсин да.не кыласын жон кой да.сен деле каалаганыны жазасын го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: