О! мобилдик оператору өлкөнүн түштүгүндө жаңы базалык станцияларды ишке киргизди
О! мобилдик оператору өз инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн ай сайын өстүрүп жатат. Ноябрь айында О! мобилдик оператору 25 жаңы базалык станцияларды куруу, 70тен ашуун станцияны модернизациялоо менен өлкөнүн түштүгүндөгү бардык облустарда түйүндүн каптоосун жакшыртты жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатты.
Түштүктөгү көпчүлүк калк жайгашкан пункттардын абоненттери эми 4G каптоосунун мыкты ылдамдыгын жана байланыш сапатынын жакшыргандыгын сезе алышат:
Жалал-Абад облусу: Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарларында;
Ош облусу: Ноокат, Ош шаарларында, ошондой эле Гүлстан, Кызыл-Тейит, Ден-Булак, Кара-Дарыя, Бакмал айылдарында;
Баткен облусу: Айдаркен, Кадамжай (Пүлгөн), Сүлүктү, Баткен шаарларында, Орозбеков, Чал-Таш, Таш-Кыя, Учкун, Лянгар, Үч-Коргон, Кожо, Какыр, Калача, Базар-Башы айылдарында жана Восточный шаар тибиндеги кыштакта.
3G байланышынын жаңы жабдуусунун ишке кириши О! түйүнүнүн өткөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн жогорулатты, ошондой эле төмөндөгү аймактарды ишенимдүү 3G сигнал менен камсыз кылды:
Жалал-Абад облусу: Терс, Кашка-Суу, Чеч-Төбө, Токту, Тоголок, Чулук-Колот, Кара-Башат, Маданият, Падек (мурунку Калинин), Теңдик айылдарында;
Ош облусу: Кара-Суу, Эски-Ноокат шаарларында, ошондой эле Ак-Жар, Кара-Эчки, Каратай, Кызыл-Ордо, Кызыл-Булак, Шералы айылдарында;
Баткен облусу: Баткен шаарында.
Түштүктөгү О! түйүнүнүн байланышынын сапаты жакшыраак байкалган жерлер төмөндөгүлөр:
Жалал-Абад облусу: Ак-Суу, Коргон-Дөбө, Ак-Сай, Кызыл-Ата, Арсланбаб, Шыдыр, Гелеген, Курулуш, Райманжан, Октябрьское, Күмүш-Азиз, Жийде, Жаңы-Жер, Кашкар-Маала, Кара-Чолок (мурунку Люблинко), Мазар-Булак (мурунку Подгорное), Алма-Бел айылдарында;
Ош облусу: Бий-Мырза, Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Куу-Майдан, Красный Маяк, Кароол, Орто-Арык;
Баткен облусу: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Үч-Коргон.
О! түйүнүнүн 4G/3G/2G камтуусун картадан көрсөңүз болот. Түндүктөгү облустардын кайсы калк жайгашкан пункттарында жакшыртуулар жүргүзүлгөндүгүн бул жерден билсе болот. Баткен облусундагы түйүндүн өнүгүүсү тууралуу видеосюжетти бул жерден көрүңүз.
О! мобилдик оператору – бүт Кыргызстан боюнча ишенимдүү кабыл алуу.

Саламатсызбы! Мен О! мобилдик операторунанмын. Ноябрь айында аткарылган техникалык иштерден кийин 4G-стандарты Айдаркен айылында пада болду. Балким Сиздин аппаратынызды текшериш керек болуп жатат.
Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.
Азыркы учурда, Сиз айтып кеткен райондо 4G базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда жок. Бирок сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык. Кайрылганызга ыраазычылык билдиребиз.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Кутмандуу күнүңүз менен. Сиздин маселениз эмнеде, тактап алынызчы. Биз Сизге жардам корсотконго аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз.
Саламатсызбы. Кара-Кулжа айылында О! түйүнүнүн
4G, 3G дагы технологиялары бар. Кошула бериниз :)
Кайсы айылдарды дагы деп жатасыз?
Сигнал үчүн Сизге рахмат, бул биз үчүн абдан маанилүү. Сиз айтып кеткен райондо кошумча базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда жок. Бирок сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
саламатсызбы. Сиз кайсы жерде жашайсыз, тактап алынызчы. Биз текшеребиз.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 3G/4G базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада бар.
Ар кандай маселениз болсо дароо бизге ушул адреске answer@nurtelecom.kg же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга кайрылсаныз болот. Оперативдуу чечкенге аракет кылабыз.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы! Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизден тилектеш сезимдерди алуу бизди абдан кубандырат!
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.