super.kg logo

Депутат Мавлянова баласын тепкен жаран катуу жазаланышы керектигин айтты

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова баласын тепкен жаран катуу жазаланышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында билдирди.

"Акыркы күндөрү социалдык түйүндөрдө баласын тепкен видео катуу талкууланып жатат. Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Баласын тепкен жарандын өздүгү аныкталды. Ал киши мамлекеттик кызматкер, Чүй облусунун тургуну. ММКларга чыккан маалыматтын негизинде айтсам, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Бул берене жетишсиз деп эсептейм. Укук коргоо органдары бул иш боюнча ар тараптуу териштирүү ишин жүргүзүүсү зарыл. Ал жаран катуу жазаланышы керек. Аялдар менен балдардын укугун сактоо боюнча жазылган мыйзамдар иш жүзүнө ашпай жатат. Расмий маалымат боюнча, 2016-жылы 842 кичинекей балага, 2017-жылдын 10 айында 868 балага зомбулук көрсөтүлгөн. Көпчүлүгү жакын туугандары тарабынан көрсөтүлүптүр", - деди депутат.

Айта кетсек, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.12.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, жазалансын
07.12.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан туура айтат, ото катуу жазаланыш керек, башкаларга сабак болгондой болуп, массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жайылтылып жаш баланы кордосо кандай жаза аларын коруп журоктору зырп дегендей болуш керек, жаш балдарды кордоого эч кимдин укугу жок!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: