super.kg logo
  Саясат  

Депутат АКШнын чек арасында кармалган Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадыровага жардам көрсөтүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина АКШнын чек арасында кармалган активист Ренат Самудинов менен анын жубайы журналист Элнура Молдокадыровага жардам көрсөтүүнү сунуштады.

"Биз Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын өлкө аймагынан чыгып кетип, Мексика менен АКШнын чек арасында кармалганын билебиз. Андан башка маалымат жок. Мындай кайдыгерликтен, балким, аларды АКШда өз өлкөсүнүн чыккынчысы катары кабыл алышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да алар биздин жарандар. Ошондуктан биздин АКШдагы элчилик аларга жардам керекпи же жокпу тактап, расмий маалымат берсин", - деди Карамушкина.

Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары Самудинов менен Молдокадырова 19-октябрда Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылышканын жазып чыгышкан. Андан соң Кыргыз Тышкы иштер министрлиги аталган маселе АКШнын иммиграциялык сотунун кароосунда экенин, алар Вашингтондогу Кыргыз элчилигине кайрылышпаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: