Жалал-Абадда жол жээгинде турган мектеп окуучуларын сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол жээгинде чогулуп турган мектеп окуучуларын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуучуларды сүзүп кетүүгө деп шектелип кармалган жаран 37 жаштагы Б.Р. аттуу Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну. Ал 5-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан үйүнөн кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин 3-декабрда Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында чогулуп турган мектеп окуучуларын айдоочу унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Окуя болгон жерден 1 окуучу каза болуп, 1 окуучу ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.