super.kg logo
  Спорт  

"Tsunami Cup-2017": Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамынын оюнчусу Антон Землянухин мыкты оюнчу аталды

 

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы "Tsunami Cup-2017" мелдешин жеңип, 50 миң доллар байгеге ээ болду.

Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы аталган мелдеште 1-орунду ээлеп, Кубокту жана 50 миң доллар акчалай сыйлык алышкан. Андан тышкары Кадырбек Шаарбеков мелдештин алкагында 3 гол киргизип мыкты бомбардири болуп, Антон Землянухин мелдештин мыкты оюнчусу аталып 2,5 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Айта кетсек, Кыргыз спортчулары жалпы 3 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен. Алгачкы беттеште Кыргыз футболчулары Монголия курамасын 3:0 эсеби менен, Бруней курамасын 4:0 эсеби менен, ал эми жыйынтыктоочу беттеште Индонезия курамасын 1:0 эсеби менен уткан.

Айта кетсек, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.12.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тарыхта биринчи жолу. Азамат азаматсын
07.12.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бүгүнкү күндүн эң жакшы жаңылыгы. Азаматсыңар. Дүйнөлүк чемпион болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: