super.kg logo

Депутат Рысалиев: "Бишкек мэриясы кышында 20 үй-бүлөнү көчөгө кууп чыгарды"

 

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын
20 кызматкери үй-бүлөсү менен жашаган муниципалдык имараттан кыштын күнү көчөгө чыгарылганын айтты. Эл өкүлү бул маселе боюнча өкмөт көңүл бурушу керектигин билдирди.

"Бишкек шаарынын мэриясы 6-декабрда аталган кызматтын 20 кызматкерин үй-бүлөсү менен сыртка кууп чыгыптыр. Ал жер Фучик көчөсүндө жайгашкан №36-жатак абагы болгон. Мурда абактагы адамдар жашачу. Кийин ал жер бошотулганда ЖАМКнын кызматкерлери абакты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жашоого ылайыкташтырып алышкан. Аталган кызматтагыларга канча жылдан бери бир да батир бериле элек. Укук коргоо тармагында эң аз маяна алгандар ЖАМК кызматкерлери. Ошондуктан өкмөт буларга көңүл бурушу керек. Чыгарылган 20 үй-бүлө жаз мезгилине чейин жашап турса жакшы болот эле. Кыштын күнү кайда барышмак эле?" - деди Рысалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
07.12.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзамсыз басып алышса чыгарат да
07.12.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Законно баш ийиш керек эгер мыйзамсыз жашап жатышса чыксын бирок кышында квартирадан эч качан чыгарбаш керек бул жазылбаган закон
07.12.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
General.kg Мисалы Сиз да басып алган болсонуз ага балдарыныздын не тиешеси бар ал жаш наристелер кайда барат кыштын куну. Алса да жазында шарт тузуп берип анан алыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: